ЖЕР-ЖЕБЕРИНЕ ЖЕТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ата-жотосунан бери козгоп, капкайдагы кемчилигин чукуп, аябай тилдөө, катуу жекирүү, жемелөө. Бирөөнүн жер-жебирине жетип, эшикти көздөй баратканын көрүп, көзүм умачтай ачылды (Жусупов). Кемпир жер-жеберине жетип тилдеп кирди («Ала-Тоо»). Бир жутум жарма берсе да, боору таш Масылкан капкайдагыны айтып, жер-жебирине жетип туруп анан берет (Баялинов). Маасылкан Мураттын жер-жеберине жетип, үйүнөн кууп чыкты (Баялинов) 2. Майда-чүйдөсүнө чейин, эчтемесин калтырбай айтып чыгуу, сөз кылуу. Анын жер-жебирине жетип, баарын терип-тепчип отуруунун кереги эмне? («Чалкан»). Ал жер-жеберине жетип, эл алдында анын абийирин кетирүүгө аракеттенди («Чалкан»).